Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Ноогардан айылындагы №8150-шайлоо тилкесинде жарым саатка жакын убакыт электр энергиясы өчүп, шайлоо генератордун жардамы менен улантылып турду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге райондогу системдик оператор Назифа Маматалиева кабарлады. Анын билдиришинче, шайлоо үзгүлтүккө учураган жок.
"Саат 19:00гө жакын аталган шайлоо тилкесинде электр энергиясы өчүп калып, жарым саатка жетпеген убакытта кайра оңдолду. Бул аралыкта добуш берүү генератордун жардамы менен улантылып, шайлоо тилкесинде иш үзгүлтүккө учураган жок", - деди Маматалиева.