Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо аяктады. Түштүк Корея, Владивосток сыяктуу эле бул шаарда дагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн чектер интернет желесине тарап кетти. Ага таянсак, биринчиде Адахан Мадумаров - 88 добуш, экинчиде Сооронбай Жээнбеков 86 добуш, үчүнчүдө Өмүрбек Бабанов - 39 добуш. Аталган шаарда жалпы 222 шайлоочу добуш берген.