Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо болуп өттү. Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө өлкө аймагындагы бардык шайлоо тилкелери жабылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы берген акыркы маалыматтарга караганда, бүгүнкү президенттик шайлоого 1 миллион 557 миң 225 шайлоочу же шайлоочулардын 51,4 пайызы катышты.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 15 миң 465 добуш жараксыз деп табылганын маалымдады.
Учурда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берилип жатат.