Шайлоону өткөрүү боюнча башкы штаб бүгүн, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоо боюнча жыйынтыктоочу маалыматтарды берди. Анда ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев шайлоо аяктап, саат 20:00гө карата өлкө аймагында шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча 28 арыз түшкөнүн айтты.
“Шайлоонун жүрүшүндө жалпы 28 факт катталды. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 13 арыз, денеге зыян келтирүү боюнча 4 факт катталды. Мындан тышкары шайлоочуларды ташып келүү, жашыруун добуш берүү эрежесин бузуу, бюллетенди сүрөткө тартуу фактылары катталды. Шайлоо жыйынтыкталган кечки саат 8ге карата өлкөдө коомдук саясий абал туруктуу. Мындан ары биз мыйзам бузган жарандардын ишин сотко жиберебиз”, - деди Орозалиев.