ЖЫЛНААМА, 15-ОКТЯБРЬ: 27 жыл гана өмүр сүргөн орус акыны, прозаик Михаил Лермонтов мындан 203 жыл мурун төрөлгөн

Чыгармачылыгында жарандык, философиялык ойлору менен өзгөчөлөнгөн орус акыны, прозаик Михаил Юрьевич Лермонтов 1814-жылы 15-октябрда аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Акындын көптөгөн чыгармалары театрда, кинематографияда өз ордун тапкан. Ошондой эле акындын ырлары опералык, симфониялык чыгармачылыктын казынасы аталып, көптөгөн ырлары элдик ырларга айланган.

М.Ю.Лермонтовдун балалык чагы Пенза дубанындагы Тархан (учурда Лермонтов айылы деп аталат) кыштагында өткөн. 1827-жылдан баштап Москва университетинин алдындагы Пансиондо окуп, ал жерде В.Г.Белинский, А.И.Герцен, Н.П.Огаревдер менен бирге болушу акындын чыгармачылык шыгынын артышына, коомдук-саясий көз карашынын кеңейишине таасир тийгизген. Ал 1841-жылы 27-июнда 27 жаш курагында душмандар тарабынан уюштурулган эрөөлдө Мартыновдун огунан каза болгон.

15-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2017-10-16 00:56:29
Рахмат Супер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан