Өкмөт: “Шайлоо жогорку деңгээлде, жакшы өттү”

Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб бүгүн, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоо боюнча жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрдү. Анда вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов бул ирет шайлоо мурдагыдан айырмаланып, тынч жана жогорку деңгээлде өткөнүн айтты.

“Саат 20:00дө шайлоо аяктады. Шайлоо жогорку деңгээлде жакшы өттү. Бир аз техникалык маселелер болду, бирок бул шайлоонун жүрүшүнө таасир эткен жок. Республикалык штаб шайлоонун жыйынтыгын жарыялаганга чейин иш алып барат. Эч кандай техникалык катачылык, электр энергия өчүүлөр болгон жок. Шайлоону жакшы өттү деп бааласам болот”, - деди Абдыгулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (55)
kasiko
2017-10-15 22:19:55
ХХХХ таза оттубу?
+8
Abdusamat.kg
2017-10-15 22:21:23
Штаб башчы бекерге аварияда өлбөптүр. Жакшы адамдар эрте өлөт дечүү эле. Жыйынтыкты айтып жаман көрүнбөй ак жүз менен кетти
+2
Bek_abad
2017-10-15 22:21:38
Кыйраттынар
+8
enka
2017-10-15 22:22:45
Таза шайлоо откон жок ( Бабанов кандай кадамдарга барса да эл колдойт эми
+8
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-10-15 22:27:58
Кайдан таза өттү. 1 жарым миллиондой адам шайлоого катышса 2 миллиондон ашык добуш кайдан чыкты
+2
sima_vip.kg
2017-10-15 22:57:30
Чокунарга таза отту. Жээнбеков тараптан подкуптар аябай коп болду. Эл кайдагы бир мин сом учун алданып добуштарын саткандары абдан окундурот. Келечекти ойлобой бугунку акчага алданышты. Бабановго жалко
+4
dinar-87
2017-10-15 23:15:04
Оздоруго жакшы отту бизге эмес ар шайлоодо ошентесинер
+2
malika79
2017-10-15 23:20:40
Таза отту баардык техникалар компьютерлер иштеп атты результатты ровно 8 де чыгарды мурда эртеси куну чыкчуда бул эмне таза эмеспи ойлонслнор кичине
-3
madiyar1
2017-10-15 23:44:21
2-3 жылда Ашанын Таасиринен кутулат Сооронбай
0
pzhumgalbekova98
2017-10-16 01:05:38
Кантип уялбай жогорку деңгээлде таза өттү деп айтып атышат, кичине уялышса боло, ушунча беттери калыңбы? Шайлоо участокторунда ачык айкын мажбурлоо менен элди кыйнап 2000сомдон акча таратып, акча бербесе урнаны карап туруп номер 9 га шайла деп буйрук менен шайлатып, эми азр майрамдап өзүнө канааттанып атат, бугун элди мажбурлап шайлатса,эртенки 6 жылда не болобуз, кантип оңолобуз башчыларыбыз таза болбосо,Атамбаевдин тарбиясы менен кыргыз көчү жолун уласа,эч өзгөрүү болбойт,баягыле таз кейпибиз!
+1
jon.as
2017-10-16 01:06:35
Шайлоо тазаа отконуно деле ишенбейм
-1
pzhumgalbekova98
2017-10-16 01:09:56
Эх кыргызым, качанкыга чейин ушинтип алданып, кошоматтанып жашайт болдукенбиз, баары өкүндүрөт.
+2
admin_superstan
2017-10-16 01:51:40
Bishkek.001, meerim01, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
0
Ular91
2017-10-16 02:00:12
Шайлоо таза откондо баары башкача болмок. Шайлоо таза откон жок.
+1
admin_superstan
2017-10-16 11:05:32
Bishkek.001, meerim01, kyzburak87, zhavlanbek, Aisuluu22, Muslim_KGstana., этика нормаларын сактаңыздар. Билдирүүлөр түзөтүлдү. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан