Алдын ала эсеп боюнча президенттик шайлоодо өлкө боюнча шайлоочулардын 55,93 пайызы добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын алдын ала маалыматтарына ылайык, Бишкек менен Ош шаарларында, өлкө аймактарында жана чет өлкөдө шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөнкүдөй болду.
Бишкек шаарында 57,86 пайыз,
Ош шаарында 68,14 пайыз,
Жалал-Абад облусунда 54,41 пайыз,
Ысык-Көл облусунда 54,57 пайыз,
Нарын облусунда 55,51 пайыз,
Ош облусунда 58,83 пайыз,
Талас облусунда 61,05 пайыз,
Чүй облусунда 51,12 пайыз,
Чет мамлекетте 35,27 пайыз.