Белгилүү орус актёру Дмитрий Марьянов 48 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалым болгондой, актёр 15-октябрда достору менен шаардын четиндеги үйүндө эс алып жаткан маалда эсин жоготуп жыгылып, ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Марьяновдун досторунун айтымында, ал таң эрте эле өзүн жаман сезип жаткандыгын айткан. Бирок бул нерсеге көп маани берген эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда актёрдун кан тамыры жарылып кеткен.
Дмитрий Марьянов кичинекей кезинен тарта эле популярдуулукка ээ болгон. Ал алгач 1986-жылы тартылган "Күн желесинен өйдө" аттуу кинотасмада роль жараткан. Андаң соң "Урматтуу Елена Сергеевна!" аттуу фильмде тентек өспүрүмдүн образын жаратып элдин эсинде калган.
Актёр кинодо эле эмес театрда да көптөгөн ийгиликтерге жеткен. Ал "Башаламан күн", "Фигаронун үйлөнүү тою" аттуу спектаклдерде ойногон. Анын артында эки баласы калды.