Бүгүн, 16-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 06:00дө АКШнын Вашингтон шаарында акыркы шайлоо тилкеси жабылды. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, добуш берүү үчүн чет өлкөлөрдө жалпысынан 37 шайлоо тилкелери ачылган. Бишкек убактысы боюнча саат 06:00дө АКШнын Вашингтон шаарында ачылган шайлоо тилкелери жабылды.
Эске салсак, буга чейин 15-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө АКШнын Вашингтон шаарында шайлоо тилкелери ачылган.