Биздин тамактануубуз менен тыгыз байланышкан нан дасторкондогу негизги азык. Бул азыктын күнү дүйнө өлкөлөрүндө 16-октябрда белгиленет.
Нан күнү наабайчы жана наабайчы-кондитерлердин эл аралык уюмунун демилгеси менен 2006-жылы негизделген. Эмнеге дал ушул 16-октябрь - Нан күнү деп белгиленишинин да себеби бар.
1945-жылдын 16-октябрында БУУнун айыл чарба көйгөйлөрүн чечүү жана өндүрүштү өнүктүрүү боюнча тамак-аш жана айыл чарба уюму тарабынан шартталган. Аталган уюм нан азыктарын даярдаган жумушчулардын да майрамын белгилөө керектигин жарыялаган. Муну менен катар эле бул күнү дүйнөдө тамак-аш күнү да белгиленет.
Айрым маалыматтар боюнча, нан мындан 8 миң жыл мурда пайда болгон. Ал алгач таруунун, арпанын унунан суу менен даярдалып, ысык ташка бышырышкан. Ал эми камырды ачытып нан даярдоону алгачкылардан болуп Египетте ойлоп табышкан.
Бул күндү белгилөөнүн негизги максаты - нандын улук, ыйык, адамдын азыктануусуна зарыл азык экендигин калктын эсине салуу жана ысырапкорчулукту жоюу. Анткени бул датада ачкачылык, жакырчылыктан жабыр тарткандарга да көңүл бурулуп, колунан келгендер азык-түлүк, нан азыктарын алып беришет.
16-октябрга карата жылнаама.