Кыргыз драма театрында “Назиктик” спектаклинин бет ачары болот

29-майда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында орус драматургу Николай Коляданын “Назиктик” пьесасынын негизинде даярдалган спектаклдин кыргызча котормосунун бет ачары болот. Айта кетсек, пьесаны орусчадан кыргыз тилине белгилүү адабиятчы Абибилла Пазылов которгон. Ал эми текстти сахнага ылайыктап актёр Назым Мендебаиров жазып чыккан. Спектакль Наташа Пересадило жана Коли Доли аттуу эки классташтын жолугушуусун чагылдырат. Айта кетсек, классташтар мурда бири-бирине ашык болуп жүрүп, кийин эки жолго кетишет. Бирок экөөнүн тең жашоодо жолу болбой калат. Наташанын ролун актриса Турганбүбү Бообекова, Колинин ролун Назым Мендебаиров аткарат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан