Ирандын байкоочусу: “Шайлоодон кийин Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы өнүгөт деп ишенебиз”

Ирандан келген эл аралык байкоочу Реза Модахамма президенттик шайлоодон кийин Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы өнүгөт деп ишене турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-октябрда маалымат жыйында билдирди.

Ал шайлоо коопсуз, укуктук негизде өткөнүн белгиледи. “Бул шайлоодон кийин өлкөнүн экономикасы социалдык жактан жакшырат деп ишенебиз. Кыргыз-Иран элинин кызматташуусуна жакшы өбөлгө түзөт. Иран делегациясы шайлоонун ачык, таза өткөнүн билдирет”, - деди ал.

Ал мындан ары дагы өлкөдө ийгиликтер болушун каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KIPCHAK-KALMAK
2017-10-16 14:22:35
Иран Азерлерге балаа барбы байкоочу болуп булар шияалар биз еч кандай жакшылык алып келбейт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан