БШКнын төрайымы: "Чет өлкөдөгү 37 шайлоо участкасынан добуш берүүнүн жыйынтыктары келе элек"

Бүгүн, 16-октябрда маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, БШКга азыркы учурда автоматтык эсептөөчү урналардын 98,32 пайызынан алдын ала жыйынтыктар келип түшкөн.

"Чет өлкөдөгү 37 шайлоо участкасынан добуш берүүнүн жыйынтыктары келе элек. Ошондой эле өлкөдөгү 3 шайлоо участкасынан маалымат түшө элек. Кол менен эсептөө протоколдордун 90 пайызы графикалык көчүрмө катары сайтка түштү. Азыркы учурда системге кол менен эсептөө 1270 участкадан маалыматтар киргизилди", - деп билдирди.

Маалыматка ылайык, алдын ала эсеп боюнча президенттик шайлоодо өлкө боюнча шайлоочулардын 55,93 пайызы добуш берди. Бишкек шаарында 57,86 пайыз, Ош шаарында 68,14 пайыз, Жалал-Абад облусунда 54,41 пайыз, Ысык-Көл облусунда 54,57 пайыз, Нарын облусунда 55,51 пайыз, Ош облусунда 58,83 пайыз, Талас облусунда 61,05 пайыз, Чүй облусунда 51,12 пайыз, чет мамлекетте 35,27 пайыз добуш берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rasul94
2017-10-16 13:25:59
тушунуктуу ал жагы
0
Leilektik
2017-10-16 13:55:19
Баткен узакда а ?маалымат жокко Баткен облусу,Исфана шаарыдан,алар шашпаай насвайдан ыргытып койуп эсептеп отуратда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан