Эл аралык террористтик уюмдун өзгөчө коркунучтуу мүчөсү изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Абдуолимов Шакиржон Толкунбаевич аттуу жараны изделүүдө. Ал 1974-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Орто билимдүү, убактылуу иштебейт.
"Шакиржон Абдуолимов өзгөчө коркунучтуу. Ал адамдарды Сирияга "Ислам мамлекети" тобунун катарына кошуу үчүн үгүттөп жөнөтүү менен алектенип жүргөн. Белгилери: бою 170 сантиметр, чымыр денелүү, физикалык даярдыгы жакшы. Спорттун бокс жана оор атлетика түрү менен машыккан. Ак жуумал, жайык маңдай, кыска кара чачтуу, сакалы бар", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Милиция кызматы изделип жаткан жаран тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранат.
102, 0 (312) 66-23-31 ИИМинин нөөмөт бөлүмү.