Чыңгыз Эсенгул уулу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Чыңгыз Эсенгул уулу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Чыңгыз Эсенгулов 1988-жылы Нарын облусунда туулган. 2016-2017-жылдары премьер-министрдин маалымат катчысы кызматында иштеген. Ага чейин радиостанцияларда, мамлекеттик телеканалдарда эмгектенген. Ошондой эле Жогорку Кеңеште консультант, Тышкы иштер министрлигинин жана Транспорт министрлигинин маалымат кызматтарында да иштеген.
Айта кетсек, август айынын соңунда бул кызматка Гүлнур Төралиева дайындалган эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан