Австрияда кечээ, 15-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо консервативдик Элдик партия жеңишке жетти. Эми Австрия мамлекетинин жаңы канцлери азыркы тышкы иштер министри, аталган партияны жетектеген Себастьян Курц болот. Ал алдыда жаңы өкмөттү түзө алат деп жазууда чет элдик маалымат булактары.
Кезексиз өткөн парламенттик шайлоодо Курц жетектеген консервативдик Элдик партиясы бюллетендердин жарымын эсептеген учурда эле шайлоочулардын 37 пайызына ээ болгондугу белгилүү болгон.
Андан кийинки орунга Австрия эркиндиги партиясы чыкса, үчүнчү орунга буга чейинки канцлер Кристиан Керндин социал-демократтар партиясы чыккан.
Себастьян Курц 1986-жылы 27-августта Австриянын борбору Венада төрөлгөн. Мектепти аяктап жогорку окуу жайдын юридикалык факультетинде билим алып жаткан мезгилинде интеграция маселелери боюнча мамлекеттик кызматка дайындалып, окуусун таштап салган. Андан кийин бир топ мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп, 2013-жылы 27 жашында тышкы иштер министри болуп дайындалган. Эң жаш министр аталган Курц 31 жашында Австриянын канцлери боло тургандыгы белгилүү болууда.
Австрия Республикасы - Борбордук Европадагы мамлекет. Мамлекеттик тили - немис. Анда 8,46 миллион калк жашайт. Учурдагы Башкы мыйзамы 1920-жылы кабыл алынып, 1945-жылы оңдоолор киргизилген. Мамлекет башчысы - федералдык президент, башкаруу мөөнөтү 6 жыл.