Мэрия: "Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат"

Эртең, 17-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

""Белинский" суу алгычындагы оӊдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу Калык Акиев, Күрөңкеев, Логвиненко, Чүй, Панфилов, Жибек Жолу, Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрү менен чектелген райондордо таза суу берүү токтотулат. "Бишкек суу канал" башкармалыгы шаар тургундарын, мекеме, уюмдарды кошумча таза суу камдап алууларын эскертет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан