Бишкектеги Панфилов сейил багында 30-май күнү Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттери 1-июнь - Балдарды коргоо күнү менен куттуктайт. “Балдар - биздин келечегибиз” аттуу бул иш-чарада кичинекей балдар арасында ар кандай оюн-зоокторду уюштурулат. Анда “Мыкты сүрөтчү”, “Көркөм окуу”, “Мыкты бийчи жана ырчы” наамдары боюнча жарыш орун алат. Жеңүүчүлөргө атайын белектер ыйгарылып, концерттик программа тартууланат. Майрамдык салтанат саат 16:00дө башталат.