Азербайжандык байкоочу: "Шайлоочулардын добуш берүүгө жоопкерчиликтүү мамиле жасаганын байкадык"

Азербайжандан келген байкоочу Низами Жафаров шайлоочулардын добуш берүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылганын байкагандарын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

"Биз онго жакын шайлоо тилкелерине байкоо салдык. Бардык жерде жакшы өттү деп айта алам. Заманбап технология менен өттү. Бардык жерде активдүүлүк болду. Шайлоого жакшы даярдык көрүлгөнү байкалды. Шайлоочулар добуш берүүдө жоопкерчиликтүү экенин көрдүк. Биз Кыргыз өлкөсүнүн келечеги прогрессивдүү болот деп ишенебиз", - деди ал.

Президенттик шайлоого түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары катышты. Алар шайлоо таза өткөнүн белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан