Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын байкоочулары шайлоодо мыйзам бузууларды байкабаганын айтышты

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын байкоочулары шайлоодо мыйзам бузууларды байкабаганын айтышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 16-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Түркиядан келген байкоочу Кийикилик Фейзюллах алдын ала жыйынтык боюнча көп добуш алган Сооронбай Жээнбековду куттуктай турганын белгиледи.

"Чолпон-Ата шаарындагы шайлоо тилкелерин кыдырып көрдүк. Шайлоо ачык, таза өттү. Жарандар өздөрү каалаган талапкерге добуш беришти. Шайлоо учурунда эреже бузуулар болгон жок. Биз Сооронбай Жээнбековду куттуктайбыз. 6 жылдагы ишине ийгиликтерди каалайбыз. Бул шайлоо кыргыз элине жакшылыктарды алып келсин. Түрк өлкөлөр ичинде достуктун артышын каалайбыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
meerim01
2017-10-16 14:46:07
Акчага сатылган ХХХХ
+2
Jyrgal_msk
2017-10-16 15:27:36
Каякты байкап жатты экен?
+2
Azatbek83
2017-10-16 16:44:41
Силердин козунорду май басып калган окшойт!
0
Azatbek83
2017-10-16 16:45:45
Ушуларды Россияга да байкоочу кылып жоноткондо кормокпуз таза таза эмес шайлоонун айырмасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан