Гүлнура Төралиева өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалды

Гүлнура Төралиева өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалды. Маалым болгондой, тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Гүлнура Төралиева 1984-жылы 8-июнда туулган. Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн. 2010-жылы Лондон Сити университетинде (City University London) билим алган. Орусиянын илимдер академиясында филология илимдеринин кандидаттыгын жактаган. Ал бир катар медиа долбоорлордо иш алып барып жүргөн. 2014-2015-жылдары Жоомарт Оторбаев премьер-министр болгондо өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматын жетектеген. Ушул эле кызматка август айынын соңунда дайындалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Fidel
2017-10-16 13:41:12
Молодцы, ушундай чет жерде окуб билим алган жаштарды коп тартыш керек, а то тиги жайлоодогу коюн сатып койдун майы жыттанган. Курсагы жарылайын деген, башы аш кабактай ХХХХ жепжуттатардын айынан Мамлекет артка кетет, реформатор технология заманына жараша адамдарды коюш керек!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан