super.kg logo

Таласта митингге чыккандар тарап кетишти. Митинг эртең кайра уланары айтылууда

 

Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулуп митинг өткөрүүгө камынууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

13:25 "Учурда Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун штабынын алдында 300дөй киши чогулуп турушат. Алар президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митинг өткөрүүнү пландап жатышыптыр. Колдорунда көтөргөн лозунг, плакаттары жок. Митинг саат 14:00дө башталары айтылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

14:30 SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман жибергендей, саат 14:30га карата чогулган элдин саны 400дөн ашуун болгонун айткан. "Шаардын борборуна 400дөй адам топтолдук. Кара-Буура районунан да адамдар келе жатат. Биз шайлоонун жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына нааразыбыз. Учурда шаарга Бабановду колдогондор колуна желек кармап чыгышкан", - деп жазат окурман.

15:30 Митингге чогулуп жаткандар "Чогулгула, таза шайлоо үчүн өз оюбузду билдиребиз!" деп кыйкырышууда. Алардын колдорунда Кыргыз өлкөсүнүн туусу бар.

15:45 Өмүрбек Бабановдун штабы: "Өмүрбек Токтогулович маалымат жыйыны учурунда Таласта элдердин чогулуп жатканы боюнча "Таласта элди мен чогултуп жаткан жокмун. Аны силер билесиңер да, мен эч кимди чогултуп, элди чыгарайын деген оюм жок" деп билдирди. Биздин расмий жообубуз ошол".

15:50 Талас шаарындагы митингде Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын саны кескин өсүп 1000ден ашты. Мындай маалыматты жергиликтүү тургундар билдирди. Чогулган элдин арасына коңшу айыл райондордон да элдер келип кошулушу күтүлүүдө. Кара-Буура районунан жана Көк-Сай айылынан атчандар тобу сапарга чыкканы айтылды.

15:59 Ички иштер министрлиги саат 16:00гө карата Талас шаарындагы абал милициянын көзөмөлүндө экенин билдирди. "Милиция президенттик шайлоого карата 12-октябрдан бери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Азыркы тапта Талас шаарындагы абал милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө", - деп билдиришти ИИМден.

16:00 Учурда митингге чыккандар борбордук аянтта турушат. Аларга өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев менен шаар мэри Айдар Жузупбеков сүйлөшүү үчүн чыкты.

16:02 Интернеттеги айрым социалдык тармактарда Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" посту Таластагы кырдаалга байланыштуу жабылганын жазышууда. Патрулдук милиция болсо эч кандай пост жабылбаганын билдирди.

16:07 "Таласта чогулган Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев жолугушту. Өкүл элди мыйзамды сактоого үндөөдө", - деп билдирди Талас шаарынын вице-мэри Чыңгыз Мураталиев.

16:10 Жергиликтүү тургундун айтымында, Талас шаарындагы базарлар, банктар жабылып жатат.

16:13 Таласта топтолгон элдин саны 3000ге жакындады. Мындай маалыматты Талас шаарынын тургуну билдирди. "Учурда Талас шаарынын мэри менен өкмөттүн облустагы өкүлү элдин суроолоруна жооп берип жатат. Бул жердеги митингдин башында атайын бир лидер жок, карапайым элдер. Бабановдун штабынан анын иниси Көпжашар Бабанов келип, элди провокацияга алдырбоого, тартип бузбоого чакырып, эгер кандайдыр бир окуя болсо штаб жоопкерчилик албай тургандыгын айтты", - дейт тургун.

16:16 Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков: "Президенттик шайлоодо административдик ресурс пайдаланылды деген тургундар шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык билдирип чогулушту. Тынч митинг өткөрүп жатышат. Бул алардын эрки. Коопсуздук чаралары каралган".

16:40 "Митинг тынч өтүүдө. Коомдук тартип бузулган жок. Эл Бишкекти көздөй баратат деген маалыматтар калп", - деди Мирлан аттуу митингдин катышуучусу.

16:50 Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров нааразычылык билдирип чогулгандар менен губернатордун сүйлөшүүсү тууралуу айтты. "Өкмөттүн облустагы өкүлү митингге чыккандар менен жолугушуп, шайлоо таза өткөнүн билдирди. Буга Өмүрбек Бабановдун облуста 86 пайыз добушка ээ болгону далил экенин белгиледи. Ошентсе да шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун арасында Бишкекке чейин барабыз дегендер бар. Абал азыр тынч", - деди ал.

16:55 Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушуп жумуш ордуларына кайтышты. Бийлик өкүлдөрү митингге чыккандарга: "Провокацияга алдырбагыла. Жеңилүүнүн да жоопкерчилигин тартуу керек", - деген пикир айтышты.

17:00 "Атчандар келип кошулду" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Өкмөттүн облустагы өкүлдөрү эл менен жолугушкандан кийин айрым тургундар тарап, элдин саны азайгансыды", - деди митингдин күбөсү.

17:04 Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева: "Нааразычылык билдирип чогулгандар тарабынан мыйзам бузуу катталган жок. Азыр коомдук тартипти милиция көзөмөлдөп жатат. Митингчилер арасында таза шайлоо болбогонун айтып кыйкыргандар болду", - деди.

17:40 Талас шаарында облустук администрациянын алдында чогулуп турган Бабановдун тарапташтарынын басымдуу бөлүгү жаштар. Алардын арасында аялдар, орто муундагылар да бар экенин көрүүгө болот. Чогулган элдин арасында “Биз таластыкпыз, намыстуубуз” деп айтканын угууга болот. Митингге чыккандардын айрымдары "Бишкек шаарына барабыз" десе, айрымдары "кетпегиле" деп жатканын айтууда.

17:46 "Эл чогулуп турат. Абал тынч деди" өкмөттүн Таластагы өкүлү Дайыр Кенекеев SUPER.KG порталына.

18:23 “Биз шайлоонун жыйынтыгына нааразыбыз. Чогулгандар Сооронбай Жээнбековдун президент экендигин кабыл албайбыз. Чогулган эл эртең дагы митингди улантып 3 күн бою күн-түн дебей ушул жерден тарабайбыз деп жатышат. Биз татыктуу президент болсо деп талап кылып жатабыз. Учурда бизге кошулгандардын саны улам көбөйүп жатат. Кара-Буура тараптан атчан кишилер келе жатат. Биз бийликтин адилетсиздигине чыдай албайбыз”, - деп билдирди митингдин катышуучусу Каныш Төлөева.

19:10 Таластагы митингчилер тарай элек. Мындай маалыматты өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

19:58Таласта митингге чыккандар суукта ачка, тарабай турушат. Алар Алмазбек Атамбаев же Бабановдун келишин талап кылууда. Нааразы болгондор шайлоодогу кетирилген кемчиликтерди көрсөтөбүз деп жатышат. Азырынча эч ким кеткен жок. Жолдун четиндеги дүкөндөрдүн баары жабык турат. Негизи саат 10:00гө чейин соода кылышчу. Эртең менен Таластын башка айылдарынан да эл келмей болуп жатат. Өкмөттүн өкүлү Дайыр Кенекеев чыгып, "таза шайлоо болду" деп элдин кыжырына тийип сүйлөп кетти”, - деп билдирди митингдин катышуучусу Эркинбү Эшимбаева.

20:45 "Таласта митингге чыккандардын басымдуу бөлүгү тарап кетишти. Айрым жаштар турушат. Эртең митинг кайрадан уланат", - деп билдирди митингдин катышуучусу Каныш Төлөева.


кошулду


Таласта Бабановдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыкты

Таласта Бабановдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты

Таласта Бабановду колдоп митингге чыккандар

Таласта митингде атчандар да чыккан видео тарап жатат

Бабановду колдогон митинг Таласта

16-октябрдагы Таластагы митинг

Таласта Бабановду колдогондор митингге чыгышты (16.10.2017)

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 18 
Комментарийлер(155)
16.10.2017. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
21-03-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
+40
Алтындарым деп туруп элди алдады!!! Таза шайлоо болбоду,элдин баары Бабанов же Мадумаров болсо деп тилеп, умут кылдык! Жыйынтыгы эл куткондой болбоду. Атамбаевдин реформасын улантам дейт, эл жаныланууну кутот, ыплас иштин улануусун эмес! Бул кунду башкача умут менен куткон Кыргыз элим! Дагы 6 жыл ушул реформанын уланышына кантип чыдайт экенбиз билбейм...Кыргыз элим жаныланууну, онолууну каалаган!!!
16.10.2017. 15:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
603
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:19
Жынысы:
Белгисиз
+29
Таза шайлоо болгон жок...
16.10.2017. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
23-07-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+26
Мадумаров мадумаров мадумаров мадумаров
16.10.2017. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
11-03-2017
Соӊку аракети:
10-05-2018 20:14
Жынысы:
Белгисиз
+29
Выбирай, не выбирай
Президентом будет Сооронбай деп башында эле айтып журду Го.Бабанов биз сиз менен.
16.10.2017. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
04-04-2017
Соӊку аракети:
29-11-2017 21:39
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эй уят да болорун болду байосу канды андан коро тынч жашайлы бир кундук 1000минсомго алданып элдин тынчын албай.Эгрде Бабановту эмес Мадумаровту колдо митик болгондо анда мен чыкмакмын
16.10.2017. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
319
Катталган:
12-11-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:31
Жынысы:
Белгисиз
+33
Бишкеке келет бекен эгер келсе дагы кошулат
16.10.2017. 16:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
09-04-2018 16:53
Жынысы:
Белгисиз
+36
Таза шайлоо болгон жок, көз алдымда элдер 1000 сом го сатылды, көз алдымда шайлоочу бюллетенди коргозуп анан урнага салды, анан каяктагы таза шайлоо, Эл озу куноолу сатылды го аз акчага
16.10.2017. 16:08 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-11
turaliev, Tuke8686, taalay89, birimdik., mir777, evra_kg, провокацияга жол жок! Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 16:09:48
16.10.2017. 16:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
+27
Ош силер менен. Талас эли
16.10.2017. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
21-06-2016
Соӊку аракети:
17-08-2018 12:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сыноо майданы .
-14
Sultanmatievkg,ээ тууганым өзүңүздүн атыңыздан жооп бериңиз бүтүндөй оштун атынан эмес.
16.10.2017. 17:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-04-2017
Соӊку аракети:
04-09-2018 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+14
Salixa.,Мен оштук, мен да Талас менен!
16.10.2017. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-04-2017
Соӊку аракети:
04-09-2018 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+10
Salixa., бир гана сага окшогон сокелер соке менен
16.10.2017. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultanmatievkg, Ош Талас менен бирге
болбойт.
Дарыгер түзөттү 2017-10-16 22:20:23
16.10.2017. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
02-09-2018 13:40
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тынчыкты сактагыла урматтуу мекендештер!!! Бизге тынчтык керек...
16.10.2017. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
04-04-2017
Соӊку аракети:
29-11-2017 21:39
Жынысы:
Белгисиз
+20
Мисалы мен жонокой эле жаран КР уйбулом менен Мадумаровко дебиш бкргем болбосо колдон болом тейшем да жок болчу просто ак жерден камалгандар чыкмак да Мадумаров болгонда башыбызка кырсык келген кундо да акыйкат тапмакбыз себеби Мадумаровту шайласак
16.10.2017. 16:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
291
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+29
Жеенбеков болбосун таза шайлоо болгон жок
16.10.2017. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
22-01-2017
Соӊку аракети:
16-08-2018 20:47
Жынысы:
Белгисиз
+35
Супер инфо 2 3 кун талкууну жаппай тургулачы сураныч.Ачып койгула,эл ичиндегисин айтсын.
16.10.2017. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-04-2017
Соӊку аракети:
04-09-2018 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+34
Таласка уважение!
16.10.2017. 16:23 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-17
nur...nur., провокацияга жол жок! Эскертүү!
16.10.2017. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
16-09-2015
Соӊку аракети:
30-07-2018 18:40
Жынысы:
Белгисиз
+43
Сооронбай Шариповичти чындыгында ел колдогон емес
16.10.2017. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:37
Жынысы:
Белгисиз
-15
ХХХХ дагы тонкоруш баштабай жон отургулачы чет жерде жургондо тел корсотуп Кыргыздарды маскарлап жатышат жолго чыгып баш которуп басалбас болдукко ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 16:37:14
16.10.2017. 16:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
02-09-2018 13:40
Жынысы:
Белгисиз
+28
2 тур болсун дегенге кандай карайсыздар
16.10.2017. 16:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
22-01-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 08:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-21
Жыгылган курошко тойбойт дечуу беле!!!!! Макул эми айырма 10-20 мин болсо бир жон эле ,Жазап кетти же таза эмес кир отту десенер болот)) анан 400,000 добуш айырманы кантип таза эмес деп жатасынар! Эртен эле булар Колтукташып бириникин бири ###### - жулап кетет.Баягы эле эл калат, элге эле убал!! Мен лично Сариевге добуш бердим эле. Сариев деле женилгенин сезип, Шайлоонун жыйынтыгын тааныды го Кыргыз калкым.
16.10.2017. 16:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
21-11-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:53
Жынысы:
Белгисиз
+33
Алга жигиттер!!! МОСКВА силер менен!!!
17.10.2017. 06:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
29-12-2017 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
мусульмандар арасында...
0
Romantik.,Акчанарды аяп шайлоого барбагандан кийин суйлоп не кереги бар.Жоо кеткенден кийин баатыр болбой олтура бергилечи.
16.10.2017. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
22-09-2016
Соӊку аракети:
20-08-2018 17:42
Жынысы:
Белгисиз
+26
Супер инфо оштогу митинг жонундода жасанар
16.10.2017. 16:39 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+2
kyrgyz.kg83, саламатсызбы!
ИИМ: "Бишкек жана Ош шаарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митинг өткөргөндөр жок"
https://www.super.kg/kabar/news/205899/
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 17:13:31
16.10.2017. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
02-09-2018 13:40
Жынысы:
Белгисиз
-7
Тынчтыкты сактагыла акелер...
16.10.2017. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
03-05-2018 10:56
Жынысы:
Белгисиз
-5
Таза шайлоо болбосо болбогондур,бирок ошол эле Бабанов ,Мадумаров дейсинер алар эмне кылып берет эле. Бабанов убагында Айдар ,Максим менен жаккын дос болуп жургон, эми ошол президент болсо жыргатабы. Мадумаров буга чейин Атамбаев жаман деп журуп эле ,Турцияга бир ишке дайындады эле кайра эле ой биздин президенттибиз ак иштеп жатат бат эле озгорулуп кетти. Кантип анан эки жуздуулор эл башкарганы татыктуу болсун. Садыр Жапаров же Мырзакматов президент болсо олкобуз онугот деп ишенем.
16.10.2017. 17:20 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+6
Chinnuri, бийликтин созун суйлобочу.....
16.10.2017. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+9
Patriot7, Ошо да Атамбаевдин созун кайталабачы папугайдай болуп!

Чыны бул жерде именно Бабанов болсун деп жаткан эч ким жок а чогулгандар бийликтин элди жумшак тил менен айтканда ишенчеек коруп жатканына жини келип жатат "шайлоо таза отту" деп ошого нааразы! Тан кылганым эмнеге дайыма эле Талас себепкер боло бериш керек жашоосун озгорушуно.....?
16.10.2017. 19:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
26-07-2017
Соӊку аракети:
31-05-2018 10:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
engel,тууганым туура айтасыз Таластыктар бетке айткан намыской эр журоктугун 2010жылы да далилдешкен.Ошондон кийин Таластыктарды сыйлап калгам. Алга Таластык туугандар Кыргызстан силер менен!!!
16.10.2017. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+3
Patriot7, кечиресиз мен Chinnuri ге кайрылган элем
engel түзөттү 2017-10-16 17:42:39
16.10.2017. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:37
Жынысы:
Белгисиз
-14
Пил мингендер келседа тынч тарап кеткиле бизге тынчтык керек
16.10.2017. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
05-02-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 15:31
Жынысы:
Белгисиз
+12
baisogur,баштала електе еле калчылдавай жон турсан кичине. Адилеттик учун чыккандын ордуна бул айтканын коркоктукда
bekov01 түзөттү 2017-10-16 18:01:33
16.10.2017. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:37
Жынысы:
Белгисиз
-7
bekov01,кыйынсынбай элдин тынчтыгын ойло Бабанов сенин казанына май куйуп бербейт эч качан !!!!!!!!
16.10.2017. 22:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
07-08-2017
Соӊку аракети:
17-09-2018 20:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
Короче,Соке шок болуп жатса керек, эмне палее болуп шайланып калдым деп.
17.10.2017. 03:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
07-08-2017
Соӊку аракети:
17-09-2018 20:24
Жынысы:
Белгисиз
0
baisogur,Ээуу чык эшикке.
16.10.2017. 23:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
29-12-2017 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
мусульмандар арасында...
-1
bekov01,Адилеттикти кимден издейсин.Бийликке озлору учун келет.Бийликтин даамын бир тарткан адам омур бою тырышат,бийлике жетиш учун.Бул айыкыс оору.Сен экообузду унутат, бийлике жеткенден кийин.Жон эле озунорду курмандыка чала бербегилечи.
16.10.2017. 16:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
347
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:32
Жынысы:
Белгисиз
-15
Учунчу революциясынын кереги жок туугандар мамлекет дагы 10 жылга артка кетет! Баягы эле эл кыйналат
16.10.2017. 17:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ulan2601, ансыз деле артка кетип жатабыз... Шайлоочулардын 1/3 талаалап жургону ойлондурбай жатабы?!! Ар жылы миндеп адам олуп келет... Калгандары ден-соолугунан ажырап жатат, жумуштун оордугунан.....
Patriot7 түзөттү 2017-10-16 17:28:17
16.10.2017. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:37
Жынысы:
Белгисиз
-25
Супер инфодо Бабановтун тарапташтары минус басып кыйратынар Казакстанга бабанов келип кашасын чыгарып кетти баардык иш ошонун келип кеткенинде болуп жатат
16.10.2017. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:37
Жынысы:
Белгисиз
-20
Бабановтун Узбек элим менин деген созу Кыргыздын намысына тийди кайсы президент оз мекенинде ХХХХ элим деп жар салды мындай окуя бизде
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 17:08:34
16.10.2017. 17:24 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
01-12-2015
Соӊку аракети:
30-03-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
-17
baisogur,туура айтасың, кошулам. Бабановту көбүнчө Кыргызстанда жашаган 80 улуттун өкүлдөрү колдоду. Бактыбызга Кыргыздар билип калды Бабановту кандай адам экенин Он адырда.Төрөбаевке караганда Ташиев эркек экен. Бабановко каршы чыкты.
16.10.2017. 17:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:37
Жынысы:
Белгисиз
-13
Eksvp_1,Бабановтун кандай адам экенин Ташиев жакшы билет өзбек кыргыз уруш болгондо Бабанов кайда журду Ташиев эл менен алдыда жүрдү башын өлүмгө сайды ушуну эстен чыгарбайлы
16.10.2017. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:01
Жынысы:
Белгисиз
+35
Туугандар мен Кара кулжадан болом.Аша менен Соронду айдабайлыбы кетсин кетсинге чыгып.Бишкекке келгиле кеттик
16.10.2017. 16:57 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-15
evra_kg, kyrgyz_girl, провокацияга жол берилбейт. 3 күндөн БАН!
16.10.2017. 16:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
25-06-2016
Соӊку аракети:
02-09-2018 14:42
Жынысы:
Белгисиз
+34
Бул кетиши менен Сооронбай копко барбайт го.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: