Бабанов: "Адам күйгөн сайын курч болот. Биз бекем болдук"

"Мен ар дайым бийликти эч качан күч менен басып албайм деп айтып келем жана айта берем. Ошондой эле азыр жана келечекте дагы бийликти басып алалы деп жаткан жокпуз. Мен элден, шайлоочулардан жана командаман чагымчыл күчтөргө алдырбоону суранып кетет элем. Биз менин тарапташтарымдын, шайлоочуларымдын жана үгүтчүлөрдүн укуктарын бир гана мыйзамдуу жол менен коргойбуз. Ошондой эле мен биздин жеңиш сөзсүз түрдө келечекте ишке ашат деп ишенем. Жакшы сөз бар, "бизди өлтүрбөгөн нерсенин баары бизди курчутат" деген. Адам күйгөн сайын курч болот. Мени жана менин командамды курчутушту, биз бекем болдук".

Мындай оюн бүгүн президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов журналисттерге маалымат жыйын өтүп жатып айтты.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берүүдө.

Айта кетсек, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкандардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алды. Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
AIZAD
2017-10-16 14:26:04
Иши кылып ызы чуу чыгарбай тынч эле бололу! Жакшы эле добуш топтоптур Бабанов деле. Утулганды да билген жакшы болот. Ар дайым тынчтык болсун!!! Кыргызстан алга!!!
-7
femida86
2017-10-16 14:29:52
Азаматсыз! Биз сиз менен!убакыт тараза, али баары алдыда
+9
azim2
2017-10-16 14:34:56
Тынчтыкты, олкобуздогу туруктуулукту сактайлы
-7
asankulov12
2017-10-16 14:41:51
Ийгиликтер алдыда
+3
Shokoladka94
2017-10-16 15:04:00
Азаматсыз! Сизди сындыра алышпайт
+7
Aznazalai
2017-10-16 15:06:52
Женилгенди да которо билиш керек.Бабанов жаш кадр.Кийинкиде сиз болосуз буюрса
+2
aisyrga88
2017-10-16 15:08:12
Эгер таза шайлоо болуп соорон мамлекетте иштегендерди зордобогондо отмок
+2
bond0202
2017-10-16 15:40:43
Бабановдун артында Назарбаев турат,акчаны каалашынча берип
-10
bond0202
2017-10-16 15:48:51
минусту каалашынарча баскыла,Бабановунар женилди
-8
Scarlet16
2017-10-16 17:11:59
НТС менен КТРКнын жанылыктарын салыштырып олтуруп алсыздыгыбызга арман кылдым. 500 сом, 1000 сомго Келечегин, Элин, Жерин сатып жатышты. Мадумаров да, Жээнбеков да , Бабанов да жыргатпайт. Эл өзүн, өлкөсүн сыйлаганды үйрөнмөйүн кыйналып, чайналып, ар кимди күнөөлөп өлбөстүн күнүн уланта беребиз((((
+3
Aika020202
2017-10-16 21:45:24
Албетте Бабанов президенттикке татыктуу талапкер эле.Баары алдыда буйурса.Таза чыныгы демократия мн откондо шайлоо Жээнбеков 30%ге жетмек да эмес.
0
gulnura88
2017-10-18 07:39:03
Aika020202
tuura 30%ke da jetmek emes.
okunuchtuu Babanov da buyrusa prezident bolot men iwenem jana el iwenet. Tigi Atambaiev kiwisi Jeenbekovdun da ubagy kelet
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан