Жергиликтүү байкоочу: "Шайлоо күнү добуштарды сатып алуулар байкалып жатты"

"Жарандык платформа" коомдук уюмунун өкүлдөрү президенттик шайлоодо добуш сатып алууларды байкашканын бүгүн, 16-октябрда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында айтып чыгышты.

"Добуш сатып алуулар болуп жатканы байкалып жатты. Биз байкоо салган шайлоо тилкелеринин айланасында адамдар колдоруна кагаздарды кармап жүрдү. Мүмкүн, чөнтөктөрүндө добуш сатып алуу үчүн акчалары бар эле. Бирок биздин байкоочулардын күч колдонуп, аны токтотууга укугу жок, биздин милдет башка. Бул боюнча укук коргоо органдары күрөшөт", - деди уюмдун өкүлү Тимур Арыков.

Маалыматка ылайык, аталган уюмдун атынан 500 адам өлкөдөгү 12 шаарга байкоо салган.

Айта кетсек, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков берилген добуштардын 54,81 пайызын,
анын атаандаштарынын ичинен Өмүрбек Бабанов 33,7 пайыз, Адахан Мадумаров 6, 48 пайыз добуш алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriot7
2017-10-16 18:28:01
Акча таратылганын эл билет... Аны далилдеп кереги жок... Элден сурагыла, эл айтып берет баарын....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан