ШКУнун баш катчысы шайлоо участкалары гимн аткарылып ачылганы өзгөчө сезим калтырганын айтты

Шанхай кызматташтык уюмунун баш катчысы Рашид Алимов шайлоо участкалары гимндин аткарылышы менен ачылганы өзгөчө сезим калтырганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун ачылышы салтанаттуу түрдө болду. "Жарандар шайлоого активдүү катышып жатышты. Биз шайлоо участкасындагы байкоочулар менен сүйлөштүк. Алар мыйзам бузуу болбогонун айтышты. Шайлоо тынч маанайда өттү", - деди.

Ал эми Орусиядан келген эл аралык байкоочу Михаил Козлов жарандар активдүү добуш бергенин белгилеп, шайлоочулар өз келечегине кайдыгер эмес экенин билдиргенин айтты.

Өзбекстандык эл аралык байкоочу Абдужан Хамракулов өлкөнүн түштүк тарабы активдүүлүгүн көрсөткөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek83
2017-10-16 16:42:15
Ээ силерге баарибир ушуга окшогон президент керек.Бизге керек президентти каалабайсынар ошон учун таза шайлоо деп жатасынар!
+1
evra_kg
2017-10-16 16:55:27
Байкоочулар балени билеби
+2
Rasul94
2017-10-17 12:05:28
бизде байкоочу болбоду эле шайлоо абдан таза керемет болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан