ИИМ: "Бишкек жана Ош шаарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митинг өткөргөндөр жок"

Бишкек жана Ош шаарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митинг өткөргөндөр жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ош шаарында бүгүн "шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышты" деген маалыматтар социалдык түйүндөр аркылуу коомчулукка чыгып, ал тургай видеолор тараган. Аталган маалыматты тактоо максатында тиешелүү тараптарга байланыштык.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы калаа аймагында митинг тууралуу маалымат түшпөгөндүгүн, учурда абал тынч экенин айтышты. Ал эми Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн да митингге чыккандар жок экенин кабарлашты.

Айта кетсек, буга чейин Талас шаарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Өмүрбек Бабановдун миңдеген тарапташтары облустук администрациянын алдында чогулуп турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baisogur
2017-10-16 17:19:53
Провакацияга алдырбагыла интернеттен Ошто болуп жаткан митинкти атайын мурдагы видеолорду корсотуп жатат эл бузарлар тынч жаткан элди козутуп не табасынар эки тонкоруш болду дагы не керек акчага алданып олуп дагы калышты эл тынч болбосо узбектерин дагы башын которот билип алгыла
-12
eljana
2017-10-16 17:23:53
baisogur,ооба туура айтасыз. Тынч эле жашайлычы. митингке чыкканы м.н эчнерсе озгорбойт .
-10
Chunara_asem
2017-10-16 18:03:18
Митингтен тажап буттукго элим тынч жашайлы митинг кылып мадумаровту же бабановту алып келсенер казанынарга аш салып береби эртенки кундун кимдин кандай болушун аллахтан башка эч ким билбейт же эмне мигранттарды мекенге кайтарып жумуш ордун береби 2 кундун ичинде буйруса баары адамдын пейилинен ким болсо да жакшы адам келсин еми
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан