16-октябрда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө борборунун абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, министр менен институттун директорунун жолугушуусунда имараттарды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, 1984-жылдан бери карала элек канализация жана жылуулук берүү системин оңдоо маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө медициналык реабилитация боюнча клиникалык протокол жана өлкөдөгү санатория-курорттук мекемелерде дарылоонун бирдиктүү стандарты жоктугу айтылды.
"Медициналык реабилитация жаатында иштеген кадрлардын жашы пенсия курагына жакын болгондуктан адистердин жетишсиздиги байкалууда. Институтта жана саламаттыкты сактоо уюмдарында материалдык-техникалык базанын чабалдыгы бар. Талкуунун жүрүшүндө объекттерди оңдоо үчүн демөөрчү табуу, бар ресурстарды эффективдүү пайдалануу, кызматка жаш кадрларды тартуу, реабилитацияга жаңы ыкмаларды киргизүү жана клиникалык протокол, дарылоонун бирдиктүү стандартын иштеп чыгуу өңдүү тапшырмалар коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө борбору Борбордук Азиядагы жалгыз институт болуп саналат. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө (Воронцовка) айылында жайгашкан. 1957-жылы негизделген.