Бүгүн, 17-октябрь саат 10:00гө карата Таласта абал тынч. Топтолгон эл көрүнбөйт. Айрым жергиликтүү тургундардын айтымында, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин митинги бүгүн да уланышы мүмкүн.
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев "Таласта коомдук-саясий абал туруктуу. Бардык мамлекеттик мекемелер кадимкидей штаттык режимде иштеп жатышат. Кечээ чогулгандар таза шайлоо болгон жок дешти. Бирок чынында Таласта таза шайлоо өттү. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң эл тарап кетти", - деди.
Эске салсак, кечээ Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун 3 миңдей тарапташтары чогулуп митинг өткөрүшкөн. Митингчилер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп "административдик ресурс пайдаланылган. Шайлоо таза өткөн жок", - деп чыгышкан. Алар менен Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү жолугуп, сүйлөшкөн. Эл саат 20:30дар чамасында тарап, митинг 17-октябрда уланарын айтышкан эле.