Талас облусундагы Киров суусунун 12 пайызын Манас району, 88 пайызын келишимдик негизде Казакстандын Жамбыл облусу пайдаланат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда журналисттерге Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору Кокумбек Таштаналиев билдирди.
"Суу сактагычты стратегиялык объект катары Казакстан менен бирге пайдаланабыз. Алып жаткан суу үчүн Казакстан жылына 70 миллион тенге бөлөт", - деди ал.
Мындан тышкары Таштаналиев сууну агызуу чек ара маселесине тиешеси жок экенин белгиледи. "Муну саясатташтыруунун кереги жок. Оңдоо иштери жыл сайын эле болуп келет. Ал эми мындай ири оңдоо иштери 3 жылда бир жасалат", - деп түшүндүрдү чиновник.