Кыргыз-Казак чек арасындагы фуралардын тыгыны азайды. Учурда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда 50гө жакын, Талас облусундагы "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда 70тей оор жүк ташуучу унаа токтоп турат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 8-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Салкын Абдыкарыева кабарлады. Анын белгилешинче, жарандар өтүүчү өткөрмө пункттарда тыгын жок.
"Эки мамлекеттин ортосунда төрт өткөрмө пункт бар. Экөө оор жүк алып өтүү үчүн болсо, экөө жарандардын каттамы үчүн. Ошондуктан азыр жарандардын каттаган үчүн кызмат кылган "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" өткөрмө пунктунда элдин тыгыны жок", - деди Абдыкарыева.
Ошондой эле Абдыкарыева буга чейин 350дөй оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны акыркы 5 күндө азайып кетишинин себебин түшүндүрдү. "Акыркы күндөрү кезекте турган унаалардын саны азайды. Буга чек арадагы абалга байланыштуу жүк ташыган унаалардын жүк ташыбай калганы жана Казакстан тарап бош унааларды тез аранын ичинде карап туруп эле өткөрүп жиберип жатканы себеп болду", - деди ал.
Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турган. Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Кечээ Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.