Кыргыз-Казак өкмөт башчылары чек ара маселеси тууралуу сүйлөштү

Кечээ, 18-октябрда Кыргыз премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жолугушту. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчылар тар жана кеңири чөйрөдө сүйлөшүштү. Жолугушуунун алкагында чек ара маселеси тууралуу сөз болду. Казакстандын премьер-министри өз сөзүндө эки боордош өлкөнүн мамилеси башкаларга үлгү болушу керектигин айтты. Ал эми Сапар Исаков өкмөт башчы катары конструктивдүү иштешүүгө даяр экенин айтты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргыз-Казак чек арасында жөө жүргүнчүлөрдү, жеңил автоунааларды, жүк ташуучу унааларды өткөрүүдө артыкчылык тартип киргизүүнү камсыз кылуу боюнча сөз жүрдү. Ошондой эле экономикалык байланыш боюнча “жол картасын” түзүү үчүн эки өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлеринин жетекчилигинде жумушчу топ түзүү боюнча чечим кабыл алынганы айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
barakcha
2017-10-19 08:58:19
Сапар молодчик!
+4
Nanei
2017-10-19 09:13:41
Не брлду ошондо,жол ачылдыбы??
+2
agent0072609
2017-10-19 13:56:12
Жыйынтыгы эмне болгонун чыгарып коюнуздарчы супер-инфо.
+1
admin_superstan
2017-10-19 14:48:15
agent0072609, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алынды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан