Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жарандарга ок атылды. Бир адам каза болгону айтылды

Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жарандарга ок атылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта РИА Новости маалымат агенттиги казак чек ара кызматына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматта окуя кечээ, 12-августта болгону, анда кыргыз-казак чек арасынан 15ке жакын адам мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы айтылат. "Аларды байкап калган чек арачыларга жарандар баш ийбей каршылык көрсөткөн. Чек ара кызматкерлери тарабынан 2 ирет ок чыгарылып, бир адам жарадар болгон. Тартип бузгандар жарадар адамды таштабай өздөрү менен алып качышкан. Кийин анын каза болгону маалым болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта качып кеткен жарандарды издөө жана тактоо иштери уланууда. Окуя болгон Тараз аймагынын чек арасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Munar8625
2017-08-13 17:28:03
экобанкты тоногондор болуп журбосун.
+15
Jazdyn_tany
2017-08-13 17:47:32
Казакстанга мыйзамдуу эле өтүшпөйт беле, ажалын чакырбай...
+5
Rifle_I
2017-08-13 22:52:49
Jazdyn_tany,мыйзамдагы адамдар эмес окшойт. Бизге окшогон болсо , тынч эле чек арадан закондуу өтүшмөк
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан