Маевкада унааларга өрт койгон адам кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү кармала элек. Күбөлөр өрт койгон адам 25-30 чамасындагы узун бойлуу киши экенин айтышууда", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Айта кетсек, 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Аламүдүн районундагы Маевка айылы жана Ак-Босого конушунда онго жакын өрт кырсыгы катталган. Маалыматтарга караганда, белгисиз адам айрым тургундардын унааларына жана үйлөрүнө өрт койгон. Анын ичинен бир үй жана бир унаа толугу менен күйүп кеткен.