Австралиянын Сидней шаарында кыймылсыз мүлктөрдүн сүрөт көргөзмөсүндө 20 жылдан кийин адамдар кандай "акылдуу үйлөрдө" жашап калары да чагылдырылган. Чет элдик маалымат булактарындагы кабарларга ылайык, анда сиздин дем алууңуз, жүрөгүңүздүн согушунан бери көзөмөлгө алып турган матрастардан тартып сизге кандай кийим жараша турганынан бери көрсөтүп бере турган күзгүлөр болот.
Сүрөт көргөзмөгө жайгаштырылган эмгектерде көрсөтүлгөндөй, үйдүн атайын борбордук технологиялык системи болот. Ал үйдөн канча электр энергиясы короп жатат, бөлмөлөрдөгү температура, жашоочулардын күн тартиби, үйдүн коопсуздугу өңдүү бир катар нерселерди байкап тура алат.
Ал эми уктоочу бөлмөдөгү сиз жаткан матрас сизге тынч уйкуну камсыздап, сиздин дем алууңузду, бөлмөдөгү температураны көзөмөлдөйт. Ал сиздин абалыңызга байкоо салгандан тышкары сиз туруп кеткенде өзү иреттелет.
"Акылдуу ашкана" болсо сизге калбай калган азыктардын тизмесин түзүп берет. Тамактануучу стол тамак муздап калбашы үчүн аны жылытып турган кызматты аткарса, плитанын жанындагы панель сиз даярдап жаткан тамактын жасалуу ыкмасын көрсөтүп берет. Ашканага жайгаштырылган муздаткыч ичиндеги азыктардан эмне тамак даярдаса боло тургандыгын сунуштай алат.
Сүрөт көргөзмөдө конок үйү 5G кинотеатрына айлана тургандай сүрөттөр жайгаштырылып, анда үндөр бөлмөнүн бардык бурчунан, ал тургай сиз отурган креслодон да чыгары көрсөтүлгөн.
Дааратканалардагы түзүлгөн "акылдуу кызматтар" адамдардын дарыгерге каттоосун азайтат. Анткени сиздин ден соолугуңуздун абалын аныктай алган кызматтар орнотулат. Жуунуучу бөлмөгө орнотулган күзгүлөр сизге кандай макияж жараша тургандыгын сиз боёно электе эле тандап берет.
Аталган сүрөт көргөзмөгө келгендер "акылдуу үйлөрдүн" сүрөттөн чыгып, жашоого келишин кыялданышкан.