АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяга экономикалык басым көрсөтүүдө АКШга Кытай жардамдашарын билдирди 22-октябрда телеканалдардын бириндеги маегинде.
"Кытай бизге накта жардам берет", - деген Трамп Кытай Түндүк Корея үчүн өзүнүн банктык системин жаап, аталган өлкөгө мунай жеткирүүгө чектөө киргизерин айтты. Товарлардын 93 пайызы Түндүк Кореяга Кытай аркылуу өтөрүн белгилеген Трамп чектөөлөр тууралуу: "Мындай биринчи жолу болот", - деди.
Эскерте кетсек, 3-сентябрда Түндүк Корея континенттер аралык ракетасына жабдылчу суутектик жарылчу заттын ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялаган. Бул аракети үчүн Түндүк Кореяга каршы БУУнун Коопсуздук кеӊешинин жаӊы санкциялары жарыяланган. Түштүк Корея менен Япониянын аскердик күчтөрү бул жарылуучу заттын кубаты 1945-жылы Хиросима жана Нагасаки шаарларына ташталган атомдук жарылуучу заттан бир топ эсе күчтүү деп жатышат.
Ал эми Түндүк Корея бийлиги АКШ өзөктүк куралдан баш тартмайынча Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жок кылбай турганын маалымдаган.