Зилалиев: “Өзүбүздү сыйлап, Казакстан бере турган 100 миллион доллардан баш тартууну чечтик”

Бүгүн, 23-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинде вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Казакстан тарабынан бериле турган 100 миллион доллар жардамдан баш тартууну сунуштады.

Анын айтымында, Казакстандын айрым жетекчилери бериле элек жардамы үчүн кекетип баштаган. “Кыргыз мамлекети өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди эч ким сыйлабайт. Ошондуктан биз келишимди денонсация кылууну сунуштайбыз. Мындан баш тарткандан кийин абал кыйындайт. Бирок бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Башка булактардан каражат табууга аракет кылабыз”, - деди ал.

Жыйынтыгында Бюджет жана финансы боюнча комитеттин депутаттары бул сунушту колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан