Депутаттар экономика министри Артём Новиковдун жыйынга келбегенине нааразы

Жогорку Кеӊештин депутаты Бахадыр Сулейманов экономика министри Артём Новиковдун комитет жыйынына келбегенине сын айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 24-октябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында билдирди.

“Бир жолу келип баяндама жасаса биз менен таанышмак. Эмнеге ал жыйынга келбейт?” - деди эл өкүлү.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров министр бүгүн премьер-министр менен биргеликте Ереванга жөнөй турганын билдирди.

Кечээ, 23-октябрда Бюджет жана финансы комитетиндеги депутаттар дагы Новиковдун жыйынга келбегенине нааразы болгон.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан