Суроолорго жооп бере албаган чиновниктер депутаттарга жакпай жатат

“Суроолорго жооп бере албасаңыз жыйынга келбей эле коюңуз”, - деди 24-октябрда парламент комитетинде депутат Аскарбек Шадиев экономика министринин орун басары Элдар Абакировго.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын лицензиялык уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан. Шадиев долбоор боюнча Абакиров негизги баяндамачы катары канааттандырарлык жооп бере албай жатат.

Буга чейин депутат Ирина Карамушкина министрдин орун басарына "Уюлдук байланыш операторлору лицензия алышабы?" деген суроо берген эле. Абакиров аларга лицензияны Мамлекеттик байланыш агенттиги бере турганын айтып, агенттиктен тактап алуу керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан