Депутат Ирина Карамушкина мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев боюнча маселени Башкы прокуратура карап чыгышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-октябрда парламент комитетинин жыйынында билдирди.
“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерди үзгүлтүккө учураткан Мелис Турганбаев кызматтан кетип, унчукпай жүрөт. Ким жоопкерчиликке тартылышы керек? Тендерге өзүм катышкандыктан таза, ачык-айкын өттү деп айта алам. Бирок тендерди үзгүлтүккө учуратты. Эмнеге Башкы прокуратура бул маселе боюнча карабайт. Жол кырсыгынан каза тапкандар боюнча жоопкерчиликти ким тартат?” - деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов аталган долбоор боюнча соттук иштер бүткөнүн айтып, “Таза коом” долбоору аркылуу “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырыла турганын кошумчалады.