Депутаттар педофилдердин жазасын күчөтүүчү мыйзам долбоорун 2-окууда кайра карашты

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда кайра каралды.

Депутат Аида Салянова мыйзам долбоору экинчи окууга кайра кайтарылганын айтты.

“Бул мыйзам долбоору талкуудан өтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна экинчи окууга киргизилген. Ката кетирилгенден кийин бул мыйзамды экинчи окуудан кайра кайтарып алдык. Комитеттин аппараты стенограмма менен иштеп жатканда биздин же башка органдын сунуштары менен иштегенде катачылык кетирген. Мыйзам долбоорунда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн жаранды өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажыратуу сунушталган. Комитеттин корутундусунда аппарат 5 жылга чейин тыюу салынсын деп жазыптыр. 3 жыл менен 5 жылдын кандай айырмасы бар? Педофилдерди биротоло билим берүү тармагында иштөө укугунан ажыратуу боюнча жобону калтырууну сунуштайм”, - деди Салянова.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун жогоруда айтылган сунуштарды эске алып 2-окууда жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан