Депутат Жээнчороев ИИМдин өкүлдөрүн комитет жыйынын сыйлоого чакырды

Жогорку Кеӊеште депутат Мирлан Жээнчороев ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго комитет жыйынына сый менен мамиле кылууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде билдирди.

“Жыйын өтүп жатса ички иштер министринин кызматкерлери чыгып кетишти. Тартип болуш керек да. Ички иштер министрлигине тийиштүү 5 маселе каралып жатат. Эки тарап тең бири-бирибизди сыйлашыбыз зарыл”, - деди Жээнчороев.

Курсан Асанов жыйындан Башкы прокуратуранын кызматкерлери чыгып кеткенин айтты.

Депутат ИИМдин өкүлдөрү чыгып кеткенин көргөнүн айтып, аларга эскертүү берүүнү сунуштады.

Жыйында “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан