Кыргыз премьер-министри Сапар Исаков 24-октябрда иш сапары менен Арменияга барды. Ал жактан бүгүн, 25-октябрда Евразиялык экономикалык союздагы өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеӊешинин жыйынына катышат. Кечээ Армениянын премьер-министри Карен Карапетян менен жолугушту.
Өкмөттүн маалыматына таянсак, Исаков Кыргыз мамлекети соода-экономикалык жактан Армения менен мындан ары кызматташууну бекемдөөгө зор маани берерин айтып: "Ошондой эле эки тараптуу мамилени жакшыртууда соода-экономикалык алакаларды жакшыртуунун алкагында товар алмашуунун көлөмүн арттырууга басым жасоого болот. 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы товар алмашуунун көлөмү бир топ жакшырган. Бул үчүн болгон мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу зарыл", - деди Исаков.
Карен Карапетян Армения тарап бул аракеттерди ишке ашыруу үчүн болгон аракетин жумшай турганын белгиледи.