КҮНСЕРЕП: Бабанов көтөргөн Таластагы "температураны" Жумабеков түшүрөбү?

Бүгүн, 25-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊештин спикери кызматынан кетти. Бүгүн парламент трибунасынан отставкасын жар салып, кызматтан кетүүгө саясий кырдаал түртүп жатканын айтты. "Президенттик шайлоо алдында өлкөдө көтөрүлгөн температура түшүп баштады, толугу менен түшүшү үчүн мен отставкага кетишим керек", - деди төрага.

Негизи, Турсунбековдун отставкасы күтүлгөн окуя эле. Ал азыркы бийликке өтө ыӊгайлуу фигура эместиги бир катар окуялардан ачык байкалган. Мисалы, убагында КСДП фракциясынын лидери болуп турганда фракциянын депутаттары жаза басса Турсунбековду лидерликтен түшүрүп саларын айтып "коркутушканы" белгилүү. Салыштырмалуу алганда, экс-спикер Асылбек Жээнбековго караганда Турсунбековдун тушунда Жогорку Кеӊештеги оппозициянын, бийликке каршы депутаттардын сөз сүйлөөсүнө кеӊири мүмкүнчүлүк берилип жатты. Өмүрбек Текебаев бийликтин башкы душманына айланып камалганда КСДПнын атынан төрагалыкта турган Турсунбеков депутаттар менен бирге СИЗОго барып "Ата Мекендин" лидеринен кабар алды. Бул - бийликтин же КСДПнын атынан кайсы бир кызматты ээлеп тургандар Текебаевге жылуу сөз айтмак түгүл аны сөз кылуудан чочулап турган маал эле.

Ал эми бийлик менен Турсунбековдун ортосундагы ажырым президенттик шайлоонун алдында ачыкка чыкты. Турсунбеков президенттик жарышка талапкер болуу ниетин билдиргенден кийин КСДПнын саясий кеӊеши аны КСДП төрагасынын биринчи орун басарлыгынан кетирип, ордуна Фарид Ниязовду шайлашкан. 2017-жылдын 15-июлунда КСДПнын президенттикке талапкер көрсөткөн cъездинде Турсунбеков өз алдынча шайлоого катышуу планы бар экенин жар салгандан кийин Ниязов Турсунбеков шайлоого чыкса партиядан айдаларын эскерткен. Ушул эле сөздү президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында айткан эле. Бирок бийлик Турсунбеков менен эсептешчү күндү шайлоодон кийинкиге калтырган. 15-октябрда шайлоо өттү, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков жеӊип чыкты. Ошентип, Турсунбеков өзү айткандай спикер алмаштыруу иши 24 саатта арыдан-бери чечилди. Төрагалыкка талапкер Дастан Жумабековдун даяр турушу, бир добуштан колдоого алынышы Турсунбековдун иши 24 саатта эмес, эчак чечилип калганын билдирет.

Дастан Жумабековду төрагалыкка 80 депутат жактырды. Жумабеков Жогорку Кеӊешке бизнестен келген депутаттардын бири. Апрель окуясына чейин жеке ишкерлик менен алектенип жүрүп, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Журт" партиясынын, 2015-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Албетте, саясатта жүргөнүнө 10 жыл боло элек Жумабековду айтылуу экс-спикерлер Медеткан Шеримкулов, Өмүрбек Текебаев өӊдүүлөр менен салыштыруу кыйын. 2015-жылдан кийин "олигархиялык парламент" деп сындалып жүргөн Жогорку Кеӊештин тизгинин бизнестин өкүлүнө карматышты.

Кызыгы, Жумабеков президенттик шайлоодо жеӊилген Өмүрбек Бабанов менен бир райондон болот. Шайлоодо Таластын 85 пайызы Өмүрбек Бабановго добуш беришип, Бабанов өтпөй калгандан кийин Таластын миӊдеген жашоочулары митингге чыгышкан. Эл арасында Бабановдун утулганына ичи ачышып, нааразы болуп тургандар бар. Таластагы нааразычылык температурасын азайтуу максатында бийлик Талас облусунун жетекчиси Дайыр Кенекеевди бүгүн вице-премьер-министрликке шайлады. Экинчи "таластык" Жумабековду төрагалыкка алып келди. Бирок спикер болууга артында калыӊ электораты бар ошол эле Таластан Өмүрбек Бабанов же жогорку кызматтардагы иш тажрыйбасы жетиштүү Руслан Казакбаев дагы жакшы вариант эле. Бийлик экөөнүн бирин төрагалыкка алып келсе, шайлоодон улам эки жаатка бөлүнүп турган элдин дагы, саясатчылардын дагы башын бириктирген болот эле. Таластагы температура дагы өзүнөн өзү түшмөк...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан