"Кыргызстан" фракциясы Жогорку Кеңештин спикери кызматына Дастан Жумабековдун талапкерлигин карап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда журналисттерге Жумабеков өзү билдирди.
Ал фракция анын талапкерлигин көрсөтсө, Жогорку Кеңештин төрагасы болгонго даяр экенин айтты. Ал эми башка талапкерлер тууралуу билбей турганын белгиледи.
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов азырынча комментарий бере албай турганын билдирди.
Эске салсак, бүгүн Чыныбай Турсунбеков кызматтан кете турганын жарыялаган. Буга чейин коомчулукта Дастан Жумабеков ("Кыргызстан"), Иса Өмүркулов (КСДП), Аскар Шадиев ("Бир бол") спикерликке талапкер боло турганы айтылып жаткан.