Бүгүн Жогорку Кеңеш жаңы спикерди шайлайт

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеш жаңы спикерди шайлайт. Бул тууралуу парламент жыйынында белгилүү болду.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов саат 12:00-14:00гө чейин тыныгуу кылууну сунуштады. Анын айтымында, танапис учурунда парламенттеги коалициялык көпчүлүк отурум уюштуруп, бир чечимге келет. Сунушту депутаттар колдошту.

Айта кетсек, бүгүн Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызматтан кете турганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан