Парламенттеги коалициялык көпчүлүк спикерликке Дастан Жумабековдун талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн, 25-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүк спикерликке Дастан Жумабековдун талапкерлигин карады. “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Дастан Жумабековдун талапкерлигин фракция көрсөткөнүн айтты.

Дастан Жумабеков аталган фракциянын мүчөлөрүнө жана коалициялык көпчүлүккө ишеним көрсөткөн үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жумабеков программасын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтсын деп билдирди.

КСДП фракциясынан депутаттар Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, “Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров ага ийгилик каалашты.

Коалициялык көпчүлүк Жумабековдун талапкерлигин көрсөтүү чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан