Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети спикерликке эки талапкерди көрсөттү. Алар "Кыргызстан" фракциясынан Дастан Жумабеков жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев.
Дастан Жумабеков боюнча баяндаманы "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков жасайт. Ал эми Исхак Масалиев боюнча баяндаманы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жасайт.
Айта кетсек, бүгүн Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызматтан кете турганын жарыялаган.