Исхак Масалиев, спикерликке талапкер: "Жогорку Кеңештин аброю түшүп жатат"

"Жогорку Кеңештин аброю түшүп жатат", - деген оюн бүгүн, 25-октябрда парламент жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат, спикерликке талапкер Исхак Масалиев билдирди.

Ал спикерликке кандай максатта көрсөтүлүп жатканын айтты. "Атаандаштык болбогон жер сазга айланып кетет. Бул саясий кадам болуп эсептелет. Алгач Жогорку Кеңештин аброюн жогорулатуу менин милдетим. Ишмердүүлүгүбүздү журналисттерге түшүндүрүп айтуубуз керек. 4 чакырылыштын депутаты болуп иштедим. Депутаттар бөлүнүп жатат. Бул бурчта отурган депутаттар бири-бирин тааныбайт экен. Ынтымакта болууну колго алам. Бул жактан талаш-тартыш болсо дагы сыртка чыкканда депутаттар бир болуш керек. Кесиптештер шайлоодон кийин бири-бирине таарынычы болууда", - деди ал.

Учурда парламент жыйынында спикерди тандоо каралып жатат. Эки талапкер ат салышууда. Алар: Дастан Жумабеков жана Исхак Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан