Сапар Исаков Дмитрий Медведев менен жолугушту

Кыргыз премьер-министри Сапар Исаков Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында Армениянын Ереван шаарында өттү. Исаков Медведев менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулады.

Исаков Кыргыз мамлекети өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде бардык маселелер боюнча Орусия менен мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере тургандыгын баса белгиледи.

Медведев өз кезегинде кыргыз тараптын ЕАЭБде төрагалыгынын алкагындагы жумушуна жемиштүү деп баалады. Ал 2018-жылы ЕАЭБде төрагалык кылуу Орусия тарапка өтөрүн баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан