Депутаттар мечит, медреселерге электр энергиясынан жеӊилдик берүүнү сунушташты

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Икрам Тазабеков диний объекттер коммерциялык өнөр жай категориясына кирип калганын айтып, салык жана башка төлөмдөр учурунда элге оорчулугу тийип жатканын айтты. Мындан улам депутат төрагага кайрылып, аларды башка категорияга өткөрүү тапшырмасын берүүнү сунуштады.

"Диний уюмдардын объекттери, мечиттер, медресе, чиркөөлөр курулуп жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн күндөн баштап коммерциялык уюм болбосо дагы, коммерциялык өнөр жай категориясына кирип калган. Электр энергиясына дагы коммерциялык тарифте төлөйт. Коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзбөгөн, киреше албаган диний уюмдарды коммерциялык өнөр жай категориясынан чыгарууга жана электр энергиясын пайдаланууда башка категорияга киргизүү боюнча тапшырма берүүңүздү суранам", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан